Рахмон бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий киришти

Тажикстанда дээрлик 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон ант берип, бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурация 30-октябрда өкмөттүк «Кохи Сомон» резиденциясында өттү.

 

Рахмон инаугурациялык сөзүндө жакынкы жети жылда Тажикстан толугу менен энергетикалык өз алдынчалыкка жетишип, коммуникациялык туңгуюктан чыгарын, транзиттик өлкөгө айланарын айтты. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо да стратегиялык багыт бойдон каларын белгиледи.

 

Тажик президенти ант бергенден кийин парад өтүп, ага жети миңден ашуун аскер кызматкери катышканы кабарланды.

 

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон жалпы добуштардын 90% ашуунун алганын жарыялаган. Бирок Батыш өлкөлөрү Рахмондун тушундагы бир да шайлоону демократиялуу, ачык-айкын деп тааныган эмес. Акыркы президенттин шайлоодо Рахмонго атаандаштык көрсөтө турган талапкерлер катышкан жок.