Кыргызстан чиновниктери командировкаларын эми министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашууга милдеттендирилет

Кыргызстан чиновниктери командировкаларын эми министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашууга милдеттендирилет. Мындай өзгөртүүлөр өкмөттүн токтомуна киргизилди.

 

Андан тышкары, министрлер, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери командировкадан келгенден кийин 2 жуманын ичинде иш сапары боюнча отчет берет.

 

Бул аткаминерлердин арасында эмгек жана каржы дисциплинасын жакшыртууга багытталган иш-чара.