Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары айрым күйөрмандардын турнирге жол киресин төлөп беришти

Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары айрым күйөрмандардын турнирге жол киресин төлөп беришти. Ал эми футбол фанаттары жооп иретинде социалдык тармактарда жакшы билдирүүлөрдү калтырышы керек.

 

Белгилүү болгондой, алар менен атайын келишим дагы түзүлгөн. Күйөрмандар ошондой эле жаман билдирүү калтыргандар тууралуу атайын комитетке билдирип турушу керек. Эске салсак, дүйнө чемпионаты 20-ноябрда старт алып, 18-декабрда аяктайт.