Эми Бишкектеги ар бир райондун курулушу электрондук каттоодон өтөт

Эми Бишкектеги ар бир райондун курулуш жана объектилери

электрондук каттоодон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы

мындан ары электрондук платформада иштейт. Мындан улам,

ар бир район тилкелериндеги курулуш жана объектилер электрондук

каттоодон өтүүгө милдеттүү. Кошумчаласак, жарандар туура эмес

орнотулган объектилер тууралуу мекемеге маалымат берсе болот.