Жыртылган кийимдердин тренди уланууда

Жыртылган кийимдердин тренди уланууда.

Буга чейин тытылган куртка, шым, майка, футболкалар болсо,

эми дизайнерлер алгачкы ирет тешилген байпактарды чыгарышты.

Дизайнерлер өзгөчөлүктү, баш бармактын тушу көп тешиле бергендиктен,

алдын ала атайын атайын жыртып койдук деп түшүндүрүштү. Тренд болуп

жаткан байпактар учурда Россияда баасы 1 миң 400 рублдан өйдө бааланат.

Бирок бул нерсени кээ бирлери обу жоктук, идеянын жетишсиздиги деп бааласа,

кээ бир адамдар бара-бара көнүп кетчү нерсе деп билдиришти.