Кыргызстандыктар быйыл июнда 674 миллион сомго насыя алышты

Кыргызстандыктар быйыл июнда 674 миллион сомго насыя алышты.

Муну менен өлкө жарандарынын коммерциялык банктардан алган

бересесинин жалпы суммасы дээрлик 19 миллиард сомго жетти.

Улуттук банктын отчетуна ылайык, орточо чен 23 пайызды түздү.

Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө айыл-чарба иштерине,

соода-сатыкка, курулушка жана иш-чаралар үчүн алышат.