Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн ишкерлер жоопко тартылат

Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн ишкерлер жоопко тартылат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик

кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге

карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Маалымат боюнча,

жумушчу топ массалык сатып алуулар болуп жаткан жерлерге

күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөшөт. Белгилеп кетсек,

ордо калаанын айрым сатуу түйүндөрүндө орточо баасы

1 миң 300 сомго бааланган бир кап ун 500 сомго кымбат

сатылып жатканы аныкталды.