Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын эми бардык каалочулар ала алышат

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын эми бардык каалочулар ала алышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал вакцинациянын

баштапкы курсунан толук өткөн бардык адамдарга жеткиликтүү. Буга чейин кошумча

үчүнчү ирет сайылчу доза үч категориядагы: 60 жаштан жогорку адамдарга,

медицина кызматкерлерине жана иммундук жетишсиздиги бар жарандарга гана

тиешелүү болчу.  Учурда ковидге каршы 3-дозадагы вакцинаны дээрлик 5 миң адам алды.