Кыргызстанда сентябрга чейин 1 миллион адам коронавируска каршы вакцина алат

Кыргызстанда сентябрга чейин 1 миллион адам коронавируска каршы вакцина алат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.

Анын айтымында, план боюнча өлкөдө 2 миллион 239 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү керек.

Бул вакцина ала турган категориядагылардын70 пайызын түзөт. Ага 18 жашка чейинкилер жана

чет өлкөдө жүргөн жарандар кирген жок. Буга чейин Кытайдан жана Россиядан 190 миң доза

вакцина келип, 75 миң кыргызстандык биринчи дозаны алды. Экинчи компонет жакынкы

аралыкта сайылат. Препараттар жакынкы аралыкта өлкөго жеткирилет, — деп кошумчалады министр.