Кыргызстанда 2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, документ жаратылыш мурастарын сактоо максатын көздөйт.
Эске салсак, 2021-жылдын аягында Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тоолор тууралуу кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдошкон.