Кыргызстан жарандары укук нормативдерин уюлдук телефондон биле алышат.
Бул тууралуу Юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ведомство «Мыйзам» деп аталган
мобилдик тиркемени ишке киргизди. Каалоочулар аны Adroid же IOS
системаларында иштеген уюлдук телефонуна көчүрүп алып,
учурда Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен тааныша алышат.