Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей,

жашоосу оор шарттагы адамдардын тизмеси мэрия тарабынан

түзүлүп жатат. Азыркы учурда анда 15 миң адам катталды.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган

аймактарында миңдеген адамдар жумушсуз калды. Буга чейин

ММКларда жана соцтармактарда жарандардан жардам суроо

ниетиндеги билдирүүлөр жарыяланган. Анда көбүнчө

азык-түлүк жана дары-дармекке каражат жетишсиз

экендиги маалым болгон.