Кыргызстанда 340 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду

Кыргызстанда 340 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду.

 

Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришти. Шаймандар Жалал-Абад, Талас, Баткен шаарларында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында пайда болду.

 

Калган абоненттерге “акылдуу” эсептегичтер июлдун аягына чейин орнотулат. “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан эле жарыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле электр кубаттуулугу ашыра колдонулса, автоматтык түрдө өчүрүлөт.