Кыргызстанда 8-январга чейин экспорттоого тыюу салынган айрым продукцияны чыгарууга уруксат берилди

Кыргызстанда 8-январга чейин экспорттоого тыюу салынган айрым продукцияны чыгарууга уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Эске салсак, өкмөт токтомуна ылайык, 19-ноябрда мал, эгин, кумшекер, ун, суу май, күрүч, туз, тоок жан жем чыгарууга жарым жылдык тыюу киргизилген болчу.

 

Эми бул документке өзгөртүүлөр киргизилип, ал 8-январдан тарта гана күчүнө кирет.

 

Муну менен ишкерлерде буга чейин жетишилген макулдашууларына ылайык, экспорт жүргүзүп алууга мүмкүнчүлүгү бар.