Италиянын Бергамо провинциясында эң ири Аяз киши жасалды. Анын салмагы 200 килограммдан ашса, бийиктиги 5 метрди түзөт. Идеянын авторлорунун пикиринде, мындай чоң аяз кишини көрүү үчүн туристтер көп келиши күтүлөт.
Андан тышкары, инсталляция “кадимки” жашоого кайтып келүүнүн символу болуп эсептелет.