Кыргызстанда 14 миң гектар аянт зыяндуу чегирткелерден корголду.
Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинен novosti.kgге билдиришкендей,
зыяндуу чегирткелердин чыгуусу алгачкы ирет Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
апрелде катталды. Алардын ушул жылы 120 миң гектардан чыгышы күтүлгөн.
Бирок жаз айлары жаан-чачындуу болгондуктан, чегирткелер 16 миң эле гектардан чыкты.
Учурда Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Баткен жана Нарын облустарында зыяндуу
чегирткелердин массалык көбөйүүсү күтүлүүдө. Бул июнь айында аба-ырайы кескин
ысып кеткендигине байланыштуу. Айдоо аянттарын дарылоо иштери уланууда.