Кыргызстанда алгачкы ирет фермерлерге үрөн насыяга берилет. Муну менен бийлик өлкөдөгү уруктун жетишсиздиги боюнча маселени чечүү ниетинде. МИР телеканалына Айыл-чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров билдиргендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен дээрлик 1,5 миллиард сом бөлүндү.
Андан тышкары, быйыл фермерлерди насыялоонун үстөк пайызы төмөндөтүлдү.
6 пайыздык ставка бардык багыттар боюнча бекитилди – дыйканчылык, кайра иштетүү жана өндүрүү.