Быйыл дыйкандарга 41 миң тонна күйүүчү май керектелет

Быйыл дыйкандарга 41 миң тонна күйүүчү май керектелет.

 

Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, Кыргызстанда анын 56 пайызы бар.

 

Калганын министрлик мунай ташуучулар менен келишим түзүп, элди бензин менен камсыздай турганын билдирди.

 

Ал эми буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов быйыл дыйкандарга 50 миң тоннага чейин күйүүчү май керектигин жана анын баасын дүң баадан 40 тыйынга арзандатып беришээрин айткан.