Кыргызстанда дыйкан, фермерлерге арзандатылган насыя берилип баштады.
Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда,
береселер 3 жылдык мөөнөткө 6 пайыздык чен менен берилүүдө. Бул максатта
быйыл 26 миллиард сом бөлүндү. Насыяларды 3 банк аркылуу алса болот.
Эске салсак, буга чейин кредиттер мал чарбачылыгына 10,
дыйканчылыкка 8 пайыз менен берилип келген.