Ордо калаада Кыргыз почтасынын имаратынын айланасы көрктөндүрүлөт

Ордо калаада Кыргыз почтасынын имаратынын айланасы көрктөндүрүлөт. “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын маалыматына ылайык, Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсү менен кесилишинде отургучтар, шамчырактар, таман таштар жаңыртылып, кошумча жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

 

Мамлекеттик ишканадан белгилешкендей, долбоорду ишке ашыруу менен шаар тургундарында кошумча эс алуу жайы пайда болот.