Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча мектеп жана ЖОЖ мугалимдери үчүн тренингдер башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда педагогдорго онлайн-окутуунун ар түрдүү
программалары жана аларды өтүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылууда. Тренингде ошондо эле
мугалимдер өз алдынча видео сабактарды тартууну, аларды онлайн ресурстарга жүктөөнү жана
онлайн сабак, экзамендерди уюштурууну өздөштүрүшөт.