Кыргызстандын орто кесиптик адистиктерине жаңы стандарттар киргизилди

Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын айрым кесиптик адистиктерине

жаңы стандарттар киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат

кызматы билдирет. Талаптарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча

негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары,

стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүдө, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти

өзүнө алууну билиши керек. Белгилей кетсек, жаңы норма менен окутуу

республиканын ар аймагында жайгашкан алдыңкы тажрыйба борборлорунда башталат.