Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматынан бошотулду

Руслан Казакбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бирок Казакбаев кайсыл кызматка бараары азырынча белгисиз.

Учурда Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды.

Ал буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.