Кыргызстанда быйыл электр энергиясына тарифтер өзгөрбөйт

Кыргызстанда быйыл электр энергиясына тарифтер өзгөрбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, азыркы тарифтик саясат 2025-жылга чейин бекитилген.

 

Азырынча аны өзгөртүү пландары жок. Эске салсак, Кыргызстан калкы бир киловатт-саатка 77 тыйындан төлөйт. Айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда 2 сом 16 тыйындык тариф менен эсептөө жүргүзүлөт.

 

Ал эми бюджеттик, өндүрүш объектилери электр энергиянын бир киловатына 2 сом 52 тыйындан төлөйт.