Бишкекте кафе-ресторандар эми таңкыга чейин иштей алат

Бишкекте кафе-ресторандар эми таңкыга чейин иштей алат. Буга чейин киргизилген чектөөлөр алынды, — деп билдиришти мэриядан.

 

Маалыматка ылайык, көңүл ачуучу жайлардын ээлери бардык санитардык талаптарды жана нормаларды сактоого убадасын берди.

 

Алар кызматкерлеринин коопсуз аралыкты сактоосуна, беткаптарды тагынышына жана залдар 50 пайызга гана толтурулушуна жооптуу болот.

 

Мэриядан белгилешкендей, кафе жана ресторандарды текшерүү боюнча рейддер уланат. Бузуулар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.