Бишкекте түнкүсүн тышкы жарык өчүрүлбөйт

Бишкекте түнкүсүн тышкы жарык өчүрүлбөйт. Улуттук энерго холдинг ордо калаада тышкы жарыктандырууну толугу менен өчүрүү оюнан баш тартты.

 

Ведомство дефицитке байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча эскертүүлөр менен гана чектелди.

 

Эске салсак, буга чейин Улуттук энерго холдинг кечки саат 10дон кийин Бишкектин көчөлөрүндө тышкы жарык, жарнама такталар, дүкөн-кафелердин жарнактары толугу менен өчүрүлсүн деген чечим чыгарган.  Бирок коомчулукта чечим катуу сынга алынып, көптөгөн талкуулар жаралды.