Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок

Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү ордо калаадагы 8 жаңы конушта тактоо иштерин жүргүзүштү.

Анын жыйынтыгында 404 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени белгилүү болду.

Министрлик балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында

ушул жылдын аягына чейин балдарга керектүү документтерди

алуунун жол-жобосу жеңилдетилген шартта боло турганын эскертет.