Төрөхан Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды

Активист Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарын башкара турганын жарыялаган, кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди колдогон.

 

Андан кийин «Мегаком» компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Жунусбеков 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бишкек шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров дагы ушул округдан депутаттыкка талапкер болгон.