Бишкекте бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салынат.
Аларда 1 миң сомдон 5 миңге чейин айыпка тартуу каралды, — деди мэр
Азиз Суракматов. Анын айтымында, санитардык-карантиндик эрежелерди
бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча кодекске өзгөртүүлөр киргизилди.
Анын алкагында 1 миң сомдон 180 миң сомго чейин айып салынат.
Анын көлөмү дарыгерлер, санитардык врачтар жана
Ички иштер органдары тарабынан аныкталат.