Айдоочу күбөлүгүнө  сынак тапшыруу процессине эми онлайн көз салса болот

Айдоочу күбөлүгүнө  сынак тапшыруу процессине эми онлайн көз салса болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, “Унаа” ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн класстарына камералар орнотулду.

 

Алар теориялык экзаменди алуу үчүн ачык процессти камсыздайт.

 

Белгилеп кетсек, айдоочулукка сынакты ийгиликтүү тапшыргандар деп 25 мүнөттүн ичинде 20 суроонун 18 же андан көбүнө туура жооп бергендер эсептелет.