Кыргызстанда дагы 763 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 763 адам коронавирустан айыкты.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 410, Ошто 138, Чүйдө 94, Таласта 8, нарында 9, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 63, Баткенде 25 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө 113 миң 975 адам коронавирустан айыкты.