Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын дагы 80 миң дозасы келди

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын дагы 80 миң дозасы келди. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, препарат Россия жана Кыргызстан ортосундагы өкмөт аралык макулдашуусунун алкагында сатылып алынды.

 

Вакцинаны сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

 

2 компонент 20 доллардан айланды. Белгилеп кетсек, 80 миң доза 40 миң адамга эсептелген. Кечээ өлкөгө препараттын биринчи партиясы келди.