Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы Түштүк Кореядан жеткирилмей болду

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы Түштүк Кореядан жеткирилмей болду. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, Индия өзүндөгү оор эпидемиологиялык абалдан улам, препаратты берүүдөн баш тартты. Эми Кыргызстан Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 

Макулдашуу түзүлдү, бирок вакцина бизге качан келе турганы белгисиз. Ведомство жетекчиси кошумчалагандай, кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы бүгүн-эртең келет деп күтүлүүдө.