Кыргызстанда дагы бир агенттик түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Документтеги маалыматка караганда, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында министрлер кабинетине караштуу төмөнкү мекемелер түзүлөт:

  • Мамлекеттик кадр кызматынын жана Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Социалдык фонд.

Мындан тышкары, аталган жарлыктын негизинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан «тышкы соода жана инвестициялар» деген сөздөр алып салынды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.