Ошто тротуарлар оңдолот

Ошто тротуарлар оңдолот. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер Айтиев, Мамыров, Авиценна сыяктуу борбордук көчөлөрдө жүргүзүлөт.

 

Андан тышкары, шаардык кызматтарга ички кварталдар жана көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы кичи жолдорду, тротуарларды калыбына келтирүү, мыйзамсыз соода түйүндөрүн жок кылуу тапшырмалары берилди.