Дары-дармекти базарларда сатууга каршы программа иштелип чыгууда

Кыргызстанда дары-дармекти базарларда сатууга каршы программа иштелип чыгууда.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, бул программа ар бир таблетканы, имплантты жана протезди көзөмөлдөөгө жардам берет.

Программа күзүндө пилоттук режимде башталып, жыл аягында толугу менен ишке киргизилери күтүлүүдө.