Ислам шериктештиги оюндарында Денис Петрашов алтын байгенин ээси болду

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов алтын байгенин ээси болду.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, ал 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды.

Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду.

Ал буга чейин 50 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло байге алган.

Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан учурда 9-орунга көтөрүлдү.

Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Мелдештер 18-августта жыйынтыкталат.