Лицензиялык талаптарга жооп бербеген 100дөн ашык жеке клиника жабылат

Кыргызстанда лицензиялык талаптарга жооп бербеген 100дөн ашык жеке клиника жабылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча жалпы 370 клиника текшерилди.

Анын жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 клиниканы жабуу актысы түзүлдү.

Ал эми инфекциялык текшерүүнүн стандарттарына туура келбеген 148 жеке клиникага мыйзамга ылайык айып салынат.