Ошто социалдык дүкөндөр ижарага берилет

Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөн ачууну каалаган ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүү үчүн конкурска катышууга чакырат.
Аталган дүкөндөр курулуп бүткөн, ижара акысы айына — болгону 2 700 сом.
Алар төмөнкү даректерде жайгашкан:

Рыспай Абдыкадыров көчөсү, 143;

Мамыров көчөсү (болжол менен «Фархад» чайканасы);

Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;

Төлөнөв көчөсү (болжол боюнча Токтогул Сатылганов мектеби);

Манас-Ата кичи району (болжол боюнча Манас-Ата мечити);

Туран кичи району (Дача участогу);

Кеңеш айылы (Ош — Араван жолунун бою).

Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары:

ун жана ун азыктары;

кумшекер;

эт жана эт азыктары;

сүт жана сүт азыктары;

өсүмдүк майы;

жумуртка;

жаңы тоңдурулган балык;

акшак.

Талаптар:

социалдык маанидеги товарларды статистикалык орточо баадан (5-10 пайызга чейин) төмөн кылып, Ош мэриясы жана Монополияга каршы саясат агенттиги менен макулдашып сатуу;

азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз камсыздоо;

тейлөө деңгээлин жогорулатуу жана сапаттуу продукция менен камсыздоо.

Конкурска катышууну каалаган жарандар мэриянын экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Умида Шамшиевага 4-апрелге чейин кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0774605905 (WhatsApp), 0559 605905.