Кыргызстанда декларация тапшырууга 1 жума калды.
Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы шарт.
Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү. Өз убагында бербеген жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык тараптарга 5 миң сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерге 3 миң айып салынат.