Кыргызстан аймагына жарандары транспорт менен кире алган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилет

Кыргызстан аймагына жарандары транспорт менен кире алган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилет.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.

 

Бүгүнкү күнгө карата биздин өлкөгө аба жолдору менен бардык чет элдиктер жана туристтер кире алат. Аларга чектөөлөр жок. Ал эми министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, унаа менен 33 мамлекеттин жарандары кире алат.

 

Эми бул тизмени 71 мамлекетке жеткирүү пландалууда. Жакынкы күндөрү документ Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан кабыл алынат.