Тамак-аш өндүрүп, сатып, ташып иштеген объектилерде азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча
текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен
билдиришти. Документке ылайык, эми Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборлорунун адистери
өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет. Эске салсак, Бишкекте
85 адам 4 башка даректе жайгашкан тармактык кафеден роллы
жегенден кийин ууланып, ооруканага кайрылды.