Кыргызстанда ишкерликтин айрым түрүнө салык төлөө шарты жеңилдетилет

Кыргызстанда ишкерликтин айрым түрүнө салык төлөө шарты жеңилдетилет.

 

Салык кодексинин жаңы долбооруна ылайык, жылдык жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки ишкерлер 1 пайыздык ставка менен салык төлөйт.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки бизнес үчүн бирдиктүү салык түрүндө жеңилдетилген норма киргизүү сунушталууда. Жүгүртүүсү 8ден 30 миллион сомго чейинкилерге — 0,5 пайыз, 30дан 50 миллионго чейинкилерге — 1 пайыз.