Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүлөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, каза тапкандардын үй-бүлөсүнө
1 миллион сомдон кенемте төлөнөт. Ал эми жабыр арткандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берилет.
Белгилеп кетсек, чектеш аймактагы чыр-чатактан 36 адам каза тапса, 189у жабыр тартты.