Унаа жана жолдор министрлиги айрым жолдорго акы төлөнөт деген маалыматтык четке какты

Унаа жана жолдор министрлиги стратегиялык маанилүү коридорлордо акы төлөнөт деген маалыматты четке какты.

Атап айтканда, Бишкек–Нарын–Торугарт, Ош–Сары-Таш–Эркечтам, Ош–Сары-Таш–Карамык, Эркечтам–Сары-Таш–Карамык унаа жолдорунан өтүүдө каражат алынбайт.

Ведомстводон белгилешкендей, мыйзамга ылайык акысыз альтернативдик жол болгондо гана трассаларга акы төлөнөт.

Эске салсак, буга чейин бир катар массалык маалымат каражаттарында стратегиялык маанилүү коридорлордон өтүү үчүн акы алынат деген маалымат жарыяланган.