Баткенде чыр чатактан жабыркаган жарандарга салынып жаткан үйлөр 1-октябрда пайдаланууга берилет

Баткенде чыр чатактан жабыркаган жарандарга салынып жаткан үйлөр

1-октябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш

агенттигинин директорунун орун басары Бегдимурат Жалилов билдирди.

Анын айтымында, учурда донорлор тарбынан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө

36 турак жай курулууда. Бул үчүн 5 гектар жер болүнүп берилген. Андан тышкары,

түркиялык компания тарабынан Баткен жана Лейлек райондорунда

140 үй, 1 бала бакча жана 2 ФАП салынып жатат.