Быйыл Бишкекте 5 мектеп жана 5 бала бакча курулат.
Бул тууралуу вице-мэр Азамат Сагындык уулу билдирет. Анын айтымында,
долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жакынкы аралыкта тендер жарыяланат.
Учурда план боюнча билим берүү объектилерин
куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.