Чүй облусунда 1-класстын окуучуларын коомдук унаалар акысыз ташыйт.
Облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей,
мындай тартип 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт.
Окуучуларды ташуу акциясы балдарды жол кырсыктарынан сактоо максатында
«Абайлагыла, балдар!» урааны астында өткөрүлөт.
Окуучуларды ташыган унаада бардык санитардык нормалар сакталат.