Жалал-Абадда обсервацияга алынган дарыгерлер жеке клиникаларга жайгашат

Жалал-Абадда обсервацияга алынган дарыгерлер жеке клиникаларга жайгашат.

“АкиПресс” билдиргендей, жеке клиниканын имараты белгисиз мөөнөткө берилет.

Тагыраагы, вирустун инкубациялык убагы аяктаганга чейин иш алып барат.

Дарылоо учурунда илдетке кабылгандарды дарылап жаткан медицина

кызматкерлери өздөрү да 14 күн көзөмөлдө болушу зарыл. Эске салсак,

бир нече обсервацияда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынганын

билдиргенбиз. Учурда вирус жуктуруп алган медицина кызматкери катталган жок.