Кыргызстан электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоону улантат

Кыргызстан электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоону улантат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

 

Анын айтымында, соңку жылы энерго кризистен улам, өлкө Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болду.

 

Эгер мындай чара кабыл алынбаса, Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү критикалык чекке жетип, ГЭСтер электр энергиясын иштеп чыга албай калмак. Андыктан, сууну үнөмдөө макскатында импорт дагы уланат.